Кытай деңизден 4 спутник учурду
Бул CERES-1 ракетасы менен 9-учуруу жана деңизден биринчи учуруу болду.
2033886
Кытай жеке фирма тарабынан иштелип чыккан алгачкы ташуучу ракетасы CERES-1 менен деңизден 4 спутник учурду.
Синьхуа агенттигинин кабарына караганда, Шаньдун провинциясынын Сары деңиз жээгиндеги Хайян шаарынын жээгинде жайгашкан сүзүүчү платформадан "Тяньчи" үлгүсүндөгү 4 интернет байланыш спутниги учурулду.
Бул CERES-1 ракетасы менен 9-учуруу жана деңизден биринчи учуруу болду.
Төмөнкү Жер Орбитасына жөнөтүлгөн Тяньчи-21, 22, 23 жана 24 спутниктери "нерселердин интернети" деп аталган системалар үчүн глобалдык маалымат кызматтарын көрсөтөт.
Guodian Gaoke компаниясы тарабынан иштелип чыккан спутниктер менен түзүлө турган 38 бөлүктөн турган спутник тармагынын 2024-жылы ишке кириши максатталууда.