Кытай чакырык салды
Премьер-министр Ли Чан Индонезиянын борбор шаары Жакартада АСЕАН өлкөлөрү, Япония жана Түштүк Кореянын лидерлери менен жолугушту.
Кытай Америка Кошмо Штаттары менен геостратегиялык атаандаштык жана чыңалуу күчөгөн маалда Түштүк-Чыгыш жана Чыгыш Азия өлкөлөрүн "блоктордун ортосундагы тирешүүгө жана жаңы суук согушка каршы турууга" чакырды.
Премьер-министр Ли Чан Индонезиянын борбор шаары Жакартада 43-АСЕАН саммитинин алкагында өткөрүлгөн 26-АСЕАН+3 саммитинде АСЕАН өлкөлөрү, Япония жана Түштүк Кореянын лидерлери менен жолугушту.
Ли саммитте лидерлерге кайрылуусунда: «Учурда бир тарапты жактоого, блоктордун ортосундагы тирешүүгө жана жаңы суук согушка каршы туруу абдан маанилүү»,- деди.
Өлкөлөрдүн ортосундагы пикир келишпестиктердин түшүнбөстүктөрдөн жана кызыкчылыктардын кагылышуусунан, кээде "туура эмес чет элдик кийлигишүүлөрдөн" келип чыкканын айткан Ли: «Баарыбыз үчүн маанилүү нерсе - көйгөйлөрүбүз менен күрөшүү, түшүнбөстүктөрдү жоюу жана пикир келишпестиктерди башкаруу»,-деди.
Кытай, Япония, Түштүк Корея жана АСЕАН өлкөлөрүнүн бир аймакта экенин баса белгилеген Ли: «Бул жерде тынчтык, бакубатчылык болсо баарыбыз пайдаланабыз, коогалаң, кагылышуу болсо баарыбыз жапа чегебиз», - деп айтты.
Тектеш кабарлар
Индонезияда жер көчкү жана сел: 41 адам каза болду
Жаман аба ырайынын иш-аракеттерге тоскоол болгону маалымдалды.