Болгарияда сел жүрдү
Премьер-министр Николай Денков Царево шаарындагы селдердин адам өлүмүнө алып келгенин билдирди.
2033878
Болгариянын түштүк-чыгышында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 2 киши каза болду.
Болгариянын маалымат агенттигинин (БТА) кабарына караганда, премьер-министр Николай Денков Царево шаарындагы селдердин адам өлүмүнө алып келгенин билдирди.
Денков аймактагы жарандардын эвакуацияланганын белгилеп, кооптуу болгондуктан аймакта деңизге түшпөөнү эскертти.
Селден улам 2 кишинин каза болгонун кабарлаган Денков, 2 аял жана 1 эркектин да дайынсыз экенин билдирди.
Селде дайынсыз болуп жаткан 3 адамды издөө иштеринин уланып жатканы маалымдалды.
Болгариянын Улуттук Метеорология жана Гидрология Институту өлкөнүн 15 аймагында катуу шамал жана күн күркүрөшүнөн улам жарандарды «сары код» менен эскертти.