Индияда 2 саатта 61 миң чагылган түштү

Чагылгандан 12 адам каза болуп, ондогон адам жаракат алды.

2033242
Индияда 2 саатта 61 миң чагылган түштү

Индиянын Одиша штатында чагылган түшүп, 12 адам каза болду.

Нөшөрлөгөн жаандан улам штаттын борбору Бхубанешварга 2 сааттын ичинде 61 миң чагылган түштү.

Чагылгандан 12 адам каза болуп, ондогон адам жаракат алды.

Индиянын метеорологиялык кызматы, нөшөрлөгөн жамгырдын бейшембиге чейин улана турганын билдирип, жарандарды чагылганга каршы эскертти.


Этикеткалар: #Индиянын Одиша

Тектеш кабарлар