Францияда талаштуу пенсия реформасы күчүнө кирди

Бүгүнтөн баштап пенсия курагы 2030 - жылга чейин жыл сайын 3 айга көтөрүлүп, акырындык менен 62ден 64кө чыгат.

2032145
Францияда талаштуу пенсия реформасы күчүнө кирди

Францияда бир нече айдан бери массалык нааразылык акцияларын жараткан талаштуу пенсия реформасы күчүнө кирди.

Бүгүнтөн баштап пенсия курагы 2030 - жылга чейин жыл сайын 3 айга көтөрүлүп, акырындык менен 62ден 64кө чыгат. Минималдуу пенсия айына 1200 евро болду.

Пенсияны толук алуу үчүн 2027 - жылы 43 жыл кошумча төлөм төлөө керек болот.

21 жашка чейин иштей баштагандар же мүмкүнчүлүгү чектелгендер пенсияга эрте чыга алышат.

16 - мартта Францияда өкмөттүн пенсия курагын 62ден 64кө көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун добуш бербестен кабыл алуу чечиминен кийин массалык митингдер башталган.

 

Полиция митингчилерге катаал мамиле жасагандыктан өлкөнүн көптөгөн аймактарында зордук - зомбулук окуялары чыкты.

Өлкө боюнча реформага каршы митингдерде 1000ден ашуун адам кармалган.

Оппозиция менен бийликтин реформанын баш мыйзамга туура келээрин же келбестигин аныктоо үчүн кайрылган Конституциялык Кеңеш мыйзам долбоорунун пенсия жашын 64кө көтөргөн беренесин жактырып, 6 беренени толугу менен же жарым-жартылай четке какты.

Жогоруда аталган мыйзам долбооруна Франциянын президенти Эммануэль Макрон кол коюп, 15 - апрелде расмий гезитте жарыяланган. 

 



Тектеш кабарлар