Армения Азербайжан позицияларына миномет атты
Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Азербайжан позицияларына 60 жана 82 миллиметрдик миномет аткандыгын билдирди.
Армениядан Азербайжандын позицияларына миномет атылды.
Азербайжандын Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө Армения армиясынын Басаргечер облусунун Зод калктуу пункту багытындагы турумдарынан Азербайжан позицияларына 60 жана 82 миллиметрдик миномет окторунун атылгандыгы билдирилди.
Билдирүүдө Азербайжан армиясынын да белгиленген багытта кийлигишүү чараларды көргөнү белгиленди.
Министрликтин дагы бир билдирүүсүндө Армения армиясына таандык учкучсуз учуучу аппараттарынын мобилдик башкаруу станциясынын жок кылынганы белгиленди.
Бул станциянын түрдүү багыттардагы Азербайжан позицияларына чалгындоо жана чабуул жасоочу учкучсуз учуучу аппараттарды башкаруу үчүн колдонулгандыгы белгиленди.
Армения армиясынын кечээ чек арадагы Азербайжан позицияларына ок атышынын натыйжасында 3 Азербайжан аскери жараланып, Азербайжан армиясы жооп кайтарды. Армян басма сөзүндө кагылышууда 4 армян аскеринин каза болгондугу тууралуу кабарларга орун берилди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.