Россия менен Украинанын ортосундагы абалдар

Украинанын Москва жана Белгород  аймагына учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуусу тоскоолдукка учурады.

2031930
Россия  менен Украинанын ортосундагы абалдар

Украинанын Москва жана Белгород  аймагына учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуусу тоскоолдукка учурады.

Россиянын Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Украинанын эртең менен Россия аймагындагы объектилерге учкучсуз учуучу аппараттар  ​​менен кол салууга аракет кылганы белгиленди.

Кол салуу аракетинин тоскоолдукка учуратылгандыгы билдирилген маалыматта : «Учкучсуз учуучу аппараттар абадан коргонуу системалары тарабынан Белгород аймагында жок кылынды»,- деп айтылды.

Москва мэри Сергей Собянин да социалдык тармак аркылуу Люберцы шаарына жакын жерде абадан коргонуу системалары менен Москваны көздөй учкан учкучсуз учуучу аппараттын аракетине бөгөт коюлганын билдирди.

Собянин алгачкы аныктамаларга караганда адам өлүмү жана кыйроолордун болбогонун, окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын иштеп жатканын айтты.

Россия  федералдык аба транспорт агенттигинин (Росавиация) билдирүүсүндө эртең менен жарандык каттамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Москванын Внуково, Домодедово жана Жуковский аэропортторунан каттамдарга убактылуу чектөө киргизилгени билдирилди.

Билдирүүдө бул аэропорттордогу чектөөлөрдүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:30дан тарта алынгандыгы жарыяланды.

Украинанын башкы штабынын билдирүүсүндө фронтто 25тен ашуун кагылышуу болгону билдирилип, Украина аба күчтөрүнүн орус аскерлери топтолгон аймактарды 14 жолу, ракета коргонуу системаларын да 4 жолу бомбаланганы белгиленди.

Билдирүүдө украиналык ракета жана артиллериялык бөлүктөрдүн Россиянын артиллериялык системасын жана 2 радиоэлектрондук согуш станциясын аткандыгы маалымдалды.

Украина аба күчтөрүнөн жасалган билдирүүдө Россиянын түн ичинде 2 Калибр канаттуу ракетасы менен Украина аймагына кол салганы, бир ракетанын жок кылынганы, экинчисинин болсо Винницадагы жеке ишканага тийгендиги белгиленди. Ошондой эле ракеталык чабуулдун натыйжасында имараттар менен жеке унаалардын зыянга учураганы, жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлгөндүгү маалымдалды.  



Тектеш кабарлар