Греция токой өрттөрү менен алпурушуп жатат

19-августта башталган өрттөн бүгүнкү күнгө чейин 826 миң гектардан ашык жер күйүп кетти.

2031182
Греция токой өрттөрү менен алпурушуп жатат

Грецияда 21 кишинин өмүрүн алган токой өрттөрү дагы деле көзөмөлгө алына элек.

19-августта башталган өрттөн бүгүнкү күнгө чейин 826 миң гектардан ашык жер күйүп кетти.

Дедеагачтагы өрттү көмөлгө алуу аракеттери уланып жатканда, Мерич аймагындагы Дадия токой аянтынын үчтөн биринен көбүнүн жок болгону кабарланды.

Өлкөдө акыркы 24 саатта чыккан 47 жаңы токой өртүнүн айрымдары өрт өчүрүүчүлөрдүн кийлигишүүсү менен көзөмөлгө алынды.

Ошол эле учурда токой өртүнөн улам камакка алынган 140 шектүүнүн 79унун өрт коюу боюнча айыпталганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар