Британиянын коргоо министри кызматынан кетти

Уоллес келерки  10 жылда дүйнөнү кооптуу жана туруксуз абалга келери тууралуу ишенимин да бөлүшүп : "Бүгүн келечекке инвестиция салуунун учуру экендигин экөөбүз тең билебиз",- деди.

2031431
Британиянын коргоо министри кызматынан кетти

Премьер - министр Риши Сунакка жазган отставкага кетүү катында Уоллес министр катары 4 жылдык мөөнөтүнүн акырында  заманбап, өзүнө  ишенимдүү жана жакшы каржыланган куралдуу күчтөрдү калтыргандыгын белгиледи.

Уоллес келерки  10 жылда дүйнөнүн кооптуу жана туруксуз абалга келери тууралуу ишенимин да бөлүшүп : "Бүгүн келечекке инвестиция салуунун учуру экендигин экөөбүз тең билебиз",- деди. 

Армияга  1991 -  жылы кирген Уоллес өзүн өлкөсүнө кызмат кылууга  арнагандыгын белгилеп : "Бул берилгендик мага жана үй  -  бүлөмө кымбатка турду. Көп убакыт ойлонгондон кийин отставкага кетүү чечимин чыгардым. 2005 -  жылы депутат болдум жана ушунча жылдан кийин эми турмуштун калган бөлүгүнө инвестиция салуу жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табуунун учуру келди",- деди. 

Уоллестин отставкасын кабыл алган Сунак : "8 жылдык оор министрлик кызматты аткарып акырында отставкага кетүү каалооңузду толугу менен түшүнөм. Кызматыңыздан ыраазычылык жана урмат  - сый менен кетип жатасыз",- деди. 

Коргоо министрлигинде Уоллестен бошогон орундукка Энергетика коопсуздугу боюнча жооптуу мамлекетиик министр Грант Шаппс  дайындалды. 

Бул тууралуу премьер  - министрликтен берилген билдирүүдө Король III Чарльздын дайындоо чечимин бекиткени белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар