Сауд Арабиянын падышасы менен мураскор ханзада Эрдоганга куттуктоо жолдоду
Король Салман менен мураскор ханзаада 30-августтан улам президент Эрдоганга өз-өзүнчө куттуктоо катын жөнөтүштү.
2031003
Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдулазиз жана мураскор принц Мухаммед бин Салман президент Режеп Таййип Эрдоганды 30-август Жеңиш майрамы менен куттукташты.
Сауд Арабиянын расмий агенттиги SPAнын кабарына караганда, Король Салман менен мураскор ханзаада 30-август Жеңишинин 101 жылдыгынан улам президент Эрдоганга өз-өзүнчө куттуктоо катын жөнөтүштү.
Президент Эрдоган менен түрк элин жана өкмөтүн Улуу Жеңиштин жылдыгы менен куттукташкан катта, Түркиянын өнүгүүсүн каалагандарын билдиришти.