Габондогу төңкөрүш аракети

Хунтачылар шайлоонун жокко чыгарылганын, бардык чек аралардын кийинки билдирүүгө чейин жабылганын, республиканын бардык мекемелеринин колго алынганын жарыялашты.

2030770
Габондогу төңкөрүш аракети

Нигерден кийин бул ирет Борбордук Африка өлкөсү Габондон төңкөрүш кабары келди.

Дем алыш күнү өткөрүлгөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин аскерлерден турган топ улуттук телеканалдын имаратына кирип барып, башкарууну колго алганын жарыялашты.

Хунтачылар шайлоонун жокко чыгарылганын, бардык чек аралардын кийинки билдирүүгө чейин жабылганын, республиканын бардык мекемелеринин колго алынганын жарыялашты.

Хунтачылар: «Бүгүн 2023-жылдын 30-августу, Мекемелердин өткөөл жана калыбына келтирүү комитетинин (CTRI) коргоо жана коопсуздук күчтөрү катары Габон элинин атынан жана мекемелерди коргоонун кепили катары тынчтыкты жактоону чечтик. Азыркы режимди жойдук»,- деди.

Габондун шайлоо борбору (CGE) учурдагы президент Али Бонгонун 64,27 пайыз добуш менен үчүнчү мөөнөткө шайланганын ырастагандан көп өтпөй келген бул билдирүүдөн кийин борбор шаар Либревилде куралдын үндөрүнүн күчөгөнү белгиленди.

CTRI тарабынан андан соң жасалган билдирүүдө, президент Бонгонун үй камагында экени айтылды.

Билдирүүдө Бонгонун бир уулунун да «мамлекетке чыккынчылык» беренеси менен кармалганы маалымдалды.


Этикеткалар: #Габондон төңкөрүш

Тектеш кабарлар