Бириккен Улуттар Уюмунун чакырыгы

БУУнун Башкы Ассамблеясында «Өзөктүк сыноолорго каршы эл аралык күнгө» байланыштуу сессия өттү.

2030974
Бириккен Улуттар Уюмунун чакырыгы

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) өзөктүк сыноолорго тыюу салууга чакырды.

БУУнун Башкы Ассамблеясында «Өзөктүк сыноолорго каршы эл аралык күнгө» байланыштуу сессия өттү.

Бул жерде сөз сүйлөгөн БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш: «Дүйнө жүзү боюнча 13 миң өзөктүк курал камдалып, өлкөлөр алардын тактыгын, аралыгын жана күчүн жакшыртууга аракет кылып жаткан учурда коопсуздук маселелеринин көбөйүшү кыйроонун рецепти болуп саналат»,-деп өз баасын берди.

Гутерриш өзөктүк сыноолорго толук тыюу салуу келишиминин өзөктүк куралсыз дүйнөгө карай абдан маанилүү кадам экенин белгиледи.

БУУнун баш катчысы бардык өлкөлөрдү келишимди ратификациялоого чакырды.

БУУнун 77-Башкы Ассамблеясынын төрагасы Ча́ба Кёрёши: «Биз глобалдык апаатка мурда болуп көрбөгөндөй жакындап калдык»,-деди.

Өзөктүк куралга инвестиция салуунун адамзат үчүн коркунучтуу тузак экенин белгилеген Кёрёши : «Массалык өзүн-өзү өлтүрүү коркунучуна чекит коюунун убагы келди»,-деп айтты.

БУУнун Куралсыздануу боюнча жогорку өкүлү Изуми Накамицу СТБТ азырынча күчүнө кире электигине, бирок бул абдан маанилүү глобалдык максат экенине көңүл бурду.

Тез аранын ичинде чара көрүлүшү керектигине басым жасаган Изуми Накамицу: «Бардык өзөктүк сыноолорго мыйзамдуу түрдө тыюу салынышы керек»,-деди.



Тектеш кабарлар