Дүйнө жүзү боюнча маймыл чечегинен 156 адам каза болду

Тедрос Адханом Гебрейесус ДССУнун жумалык маалымат жыйынында маймыл чечек вирусуна байланыштуу акыркы абал тууралуу маалымат берди.

2029433
Дүйнө жүзү боюнча маймыл чечегинен  156 адам каза болду

Маймыл чечек вирусунан дүйнө жүзү боюнча 156 адам каза болду.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус ДССУнун жумалык маалымат жыйынында маймыл чечек вирусуна байланыштуу акыркы абал тууралуу маалымат берип : "Учшул кезге чейин ДССУга  114 өлкөдөн 90 миңден ашуун маймыл чечек вирусун жуктурган бейтап жана буга байланыштуу  156 кишинин өлүмү тууралуу отчет келди. Бирок айрым өлкөлөрдөн толук маалымат келбегендиктен  чыныгы бейтап жана өлүм санынын жогору экендигин билебиз",- деди. 

Айрыкча Азияда акыркы 2 айда оорулардын санында чоң өсүш болгонун белгилеген Гебрейесус Африкадан ирээттүү түрдө бейтаптар тууралуу маалымат алып жаткандарын айтты. 

Гебрейесус : "Жаңы типтеги коронавируста жасаганымдай өлкөлөрдүн узун мөөнөттө маймыл чечеги  вирусун башкарууну колдой турган жана туруктуу сунуштар тууралуу мага сунуш билдире турган изилдөө комитетин түздүм",- деди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар