Путин учак кырсыгында каза болгондор үчүн көңүл айтты

Россиянын президенти Владимир Путин Твердеги учак кырсыгында каза болгондорго жана «Вагнер» жалданма тобунун лидери Евгений Пригожиндин үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

2028982
Путин учак кырсыгында каза болгондор үчүн көңүл айтты

Россиянын президенти Владимир Путин Твердеги учак кырсыгында каза болгондорго жана «Вагнер» жалданма тобунун лидери Евгений Пригожиндин үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Путин Кремлде Донецк Элдик Республикасынын убактылуу президенти деп аталган Денис Пушилин менен жолугушту.

Жолугушууда мурунку күнү Тверь аймагында Пригожиндин да каза болгондугу билдирилген жеке учактын кырсыкка учурашы тууралуу баа берген Путин : «Бул учак кырсыгы тууралуу бардык каза болгондордун үй- бүлөлөрүнө көңүл айтамын, бул ар дайым бир трагедия. Маалыматтар Вагнер кызматкерлеринин да бар экендигин көрсөтүүдө»,- деди.

Вагнердин Украинадагы «неонацисттик режим» менен күрөшүүгө маанилүү салым кошконун белгилеген Путин: «Биз муну билебиз жана эстейбиз, унутпайбыз»,-деди.

Пригожин менен 90 - жылдардын башынан бери тааныш экенин белгилеген Путин : «Пригожин тагдыры татаал, бирок таланттуу адам болгон жана анын жашоосунда олуттуу кемчиликтер болду»,- деди.

Пригожиндин Россия менен бирге дүйнөнүн ар кайсы аймактарында да «ийгиликтүү жыйынтыктарга» жетишкендигин  белгилеген Путин: «Таланттуу ишкер болгон, бир гана биздин өлкөдө эмес, чет өлкөлөрдө, өзгөчө Африкада да иштеген. Ал мунай, газ, баалуу металлдар жана таштар менен алектенген»,- деди.

Орус лидери Тверь облусунда кыйраган учак боюнча керектүү иликтөө иштеринин жүргүзүлөрүн билдирди.



Тектеш кабарлар