Грециядагы токой өртүндө 21 киши каза болду

Бүгүн эртең менен Каважык (Лефкими) айылына жакын токой аянтында күйгөн дене табылды.

2029304
Грециядагы токой өртүндө 21 киши каза болду

Грециянын Еврос аймагында күйүп жаткан Дадия токой аянтында  мыйзамсыз мигрантка  таандык экени болжолдонгон бир өлүктүн табылганы билдирилди.

Бүгүн эртең менен Каважык (Лефкими) айылына жакын токой аянтында күйгөн дене табылды.

Соттук медициналык  экспертизага алып барылган сөөктүн Еврос дарыясынан Грецияга өтүүгө аракет кылган мыйзамсыз мигрантка таандык экени болжолдонууда.

Өлкөдө 19 - августтан бери уланып жаткан өрт толугу менен көзөмөлгө алынбаса да 7 - күнү таасирин жоготту.

Виотияда 21 - август күнү Еврос аймагындагы Каважыкта (Лефкими) бир чабан жана бир мыйзамсыз мигрант каза болгон.

22 - августта Дадия токой аймагында 2 бала болгон 18 кишинин сөөгү Евророс дарыясынан Грецияга өтүүгө аракет кылган мыйзамсыз мигранттарга таандык болуу ыктымалдыгы аныкталган.

Ушундайча  өлкөдө өрт кырсыгынан каза болгондордун саны 21ге жетти.

Грециянын акыркы 20 жылда кабылган эң чоң токой өртүндө өрт койгон деген шек менен кармалган 140 кишинин 73ү тууралуу  сот иштери башталды.

Бир тараптан өлкөдө өрттүн бир нече күндөн бери өчүрүлө албашы  «жетишсиз кйилигишүү» деген сөздөрдүн айтылышына жол ачты. 

Өрттүн көзөмөлдөн чыгышынын бир гана себебинин климаттык кризис эмес экендигин айткан бир группа митингчи борбор шаар Афинада чогулду. 

Өрт өчүрүү бөлүгүндөгү кызматкер жана унаалардын жетишсиздигине каршылык көрсөткөн группа өрттө каза болгондор үчүн да адилеттикке чакырды. 

 

 



Тектеш кабарлар