Бангладеште сары безгек оорусунан 24 саатта 13 киши каза болду

Бангладеште акыркы 24 саатта сары безгек оорусунан  дагы 13 адам каза болуп,  өлкө боюнча бул оорудан каза болгондордун саны 506га жетти.

2028781
Бангладеште сары безгек оорусунан 24 саатта 13 киши каза болду

Бангладеште акыркы 24 саатта сары безгек оорусунан  дагы 13 адам каза болуп,  өлкө боюнча бул оорудан каза болгондордун саны 506га жетти.

Бангладештин Саламаттыкты сактоо башкы директорлугунун (DHGS) билдирүүсүндө, өлкө боюнча бейтаптардын саны 106 миңден ашканы белгиленди.

Бир күндө  2 миң 70 кишинин ооруканага жаткырылгандыгы билдирилип, учурда сары безгек оорусунан 7 миң 825 бейтаптын ооруканаларда дарыланып жатканы жарыяланды.

Билдирүүдө каза болгондордун жалпы саны акыркы 24 саатта 13 киши менен  506га жеткендиги белгиленди. 

Бангладештин Саламаттыкты сактоо жана үй-бүлөлүк бакубатчылык министри Захид Малеке Дүйнөлүк банктын өкмөттүн сары безгек  менен күрөшүү кампаниясын колдоо үчүн 100 миллион доллар бөлөрүн билдирди.

Өткөн жылы өлкөдө сары безгек оорусунан  281 адам каза болгон.

Тропикалык жана субтропикалык аймактарда байкалган сары безгек оорусу  адамдарга чиркейлер аркылуу жугат. Негизинен инкубациялык мезгилден кийин жеңил температурага алып келген оору кээ бир учурларда өлүмгө алып келиши мүмкүн.

 



Тектеш кабарлар