Суэц каналында 2 танкер кагылышты
Жетекчилер кагылышуудан улам каналда кеме кыймылынын үзгүлтүккө учурабаганын билдирди.
2028253
Суэц каналында Сингапур желектүү BW Lesmes танкери менен Кайман аралдары желектүү Бурри танкеринин кагылышкандыгы жарыяланды.
Кагылышуудан кийин кемелердин кыймылга келгени жана BW Lesmes аттуу кеменин каналдын якорь таштоо аймагына жеткирилгеги маалымдалды.
Жетекчилер кагылышуудан улам каналда кеме кыймылынын үзгүлтүккө учурабаганын билдирди.
Дүйнөлүк сооданын 12 пайызга жакыны Суэц каналы аркылуу жүргүзүлүүдө.
2021 - жылы «Ever Given» контейнердик кемеси каналга тыгылып, деңиз кыймылы 6 күнгө токтотулган.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.