Вучич - Зеленский жолугушуусу
Сербиянын президенти Александр Вучич Украинанын жеринин бүтүндүгүнө сый көсөтөрүн айтты.
Сербиянын президенти Александр Вучич Украинанын жеринин бүтүндүгүнө сый көсөтөрүн айтты. Вучич Грециянын борбор шаары Афинада Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакистин чакыруусу менен Балкан өлкөлөрүнүн лидерлери кечээ кечки тамактан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту.
Жолугушуудан кийин жергиликтүү маалымат каражаттарына маалымат берген серб лидери Вучич : "Зеленский менен ачык сүйлөштүм. Ал "Сербиядагы адамдардын кандай ойлогондугун жана эмне үчүн мындай болуп жаткандыгын" сурады. Мен ага Сербиянын Украинанын аймактык бүтүндүгүнө сый көрсөтөрүн айттым" ,- деди.
Сербия менен Грециянын достук карым - катнаштарынын бар экенин белгилеген Вучич : "Мицотакис Косовонун көз карандысыздыгын таануу боюнча Грециянын позициясында эч кандай өзгөрүү болбойт",- деп билдирди.
Балкан өлкөлөрүнүн Европа Биримдигине мүчөлүгү перспектива жана Европа Биримдигинин келечеги каралган тамакка Вучич Молдованын президенти Мая Санду, Черногориянын президенти Яков Милатович, Румыниянын премьер-министри Ион Марсель Чиолаку, Косовонун премьер-министри Альбин Курти, Босния Герцеговина министрлер кеңешинин төрагасы Борьяна Кристо, Түндүк Македониянын премьер-министри Димитар Ковачевски, Болгариянын премьер-министри Николай Денков жана Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленкович катышты.
Албаниянын премьер - министри Эди Рама болсо 14-майда Албанияда өткөрүлгөн жергиликтүү шайлоо алдында кармалган жана шайлоодо алдыга чыккан грек азчылыгынын мэрликке талапкери Альфред Белеринин 22 - майда камакка алынышынан Афинанын тынчсыздануусунан улам кечки тамакка чакырылган жок.