Кытайда көмүр шахтасында жарылуу болду

Жарылууда 11 жумушчунун каза болгондугу билдирилди.

2027904
Кытайда көмүр шахтасында жарылуу болду

Кытайдын түндүгүндөгү Шэньси провинциясында көмүр шахтасында болгон жарылуудан 11 жумушчунун каза болгону кабарланды.

CCTV мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда, кечээ кечинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00 чамасында Янан шаарынын Янчуан районундагы Шинтай көмүр кенинде жарылуу болду.

Жарылууда шахтадагы 90 жумушчудан 11 киши  каза болгон.

Куткаруу топтору тарабынан оор жаракат алган 81 жумушчунун экөөсү  кийлигишүүлөргө карабастан куткарыла албады жана  9 жумушчунун жансыз денеси табылды.

 

Кырсык болгон шахтанын 2020 - жылы иштеп баштаганы жана андан жылына 300 миң тонна көмүр алынары маалымдалган.

Кытайда инфраструктурасы эски, коопсуздук эрежелери талапка жооп бербеген шахаларда акыркы жылдарда текшерүүлөр күчөтүлсө да кырсыктар көп болууда. 

 



Тектеш кабарлар