Орусиянын "Луна-25" космостук аппараты Айдын бетине урунду
Кечээ "Луна-25" менен байланыштын үзүлгөнү белгиленди.
Орусиянын "Луна-25" космостук аппараты Айдын бетине урунуп талкаланды.
Орусиянын Федералдык космос агенттигинин (Роскосмос) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кечээ "Луна-25" менен байланыштын үзүлгөнү белгиленди.
Талдоолордо кээ бир параметрлерди эсептөөдө багыт өзгөрүүлөрдүн болгондугу айтылып: «Ошондуктан космостук аппарат эсептелбеген орбитага чыгып, Айдын бетине урунду жана талкаланды»,-деп кабарланды.
Билдирүүдө түзүлө турган атайын комиссиянын кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтей турганы билдирилди.
«Луна-25» 11-августта Москвадан 5500 километр чыгышта жайгашкан «Восточный» космодромунан «Союз 2.1б» ракетасы менен учурулган.
Орусиянын 1976-жылдан бери Айга жиберген биринчи космостук аппараты болгон "Луна-25тин" Айдын бетине жумшак конуу аркылуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсү пландалган.