Гавайидеги өрттө 114 адам каза болду
Америка Кошмо Штаттарынын Гавайи штатында 9-августтан бери болуп келе жаткан токой өртүндө каза болгондордун саны 114кө жетти.
Америка Кошмо Штаттарынын Гавайи штатында 9-августтан бери болуп келе жаткан токой өртүндө каза болгондордун саны 114кө жетти.
Гавайи губернатору Джош Грин, тарыхый Лахайна шаарында дагы 3 кишинин сөөгү табылганын, ушундайча токой өртүнөн каза болгондордун саны 114кө жеткенин айтты.
Грин Лахайнанын Гавайи жергиликтүүлөрүнүн маданиятын сактап, жандуу эстелик катары кайрадан курула турганын белгиледи.
Мауи аралынын «күлдөн кайра жарала турганын» баса белгилеген Грин, эмненин кайра курулаарын элдин аныктай турганын айтты.
Туристтерди Батыш Мауиге барбоого чакырган Грин Мауинин башка бардык бөлүктөрүн жана Гавайинин калган жерлерин зыярат кылуу коопсуз экенин жарыялады.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.