Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жардамдары кыскартылат
Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы каржылык кыйынчылыктардан улам Йемендеги бардык жардам иштеринин сентябрдын аягынан тарта кыскартыла турганын жарыялады.
Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы каржылык кыйынчылыктардан улам Йемендеги бардык жардам иштеринин сентябрдын аягынан тарта кыскартыла турганын жарыялады.
Дүйнөлүк азык - түлүк программасынын веб - сайтында берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Йемендеги операциялар үчүн керектүү каржыны табууда олуттуу көйгөйлөрдүн бар экени, ушул себептен азык-түлүк жардамын кыскартуу сыяктуу кээ бир «кыйын» чечимдердин кабыл алынышы сөзсүз болуп жаткандыгы белгиленди.
Сентябрь айынын аягынан тарта ишке ашырыла турган бул чечимден Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жалпы Йеменде жүргүзгөн азык-түлүк жардам программасы, тамактануу жана мектепте тамактануу программаларына таасирин тийгизери белгиленди.
Билдирүүдө, эгерде керектүү каражат табылбаса азык-түлүк жардамын кыскартуу чечиминен өлкөнүн түндүгүндө болжол менен 3 миллион, түштүктө 1 миллион 400 миң адамдын жабыркай тургандыгы айтылды.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.