Москва учкучсуз учуучу аппараттын бутасы болду

Россиянын Коргоо министрлиги Москванын борборунда болгон кол салууда абадан коргонуу системаларынын учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөнүн жарыялады.

2026377
Москва  учкучсуз учуучу аппараттын бутасы болду

Россиянын борбор шаары Москва дагы бир жолу учкучсуз учуучу аппараттын бутасы болду.

Россиянын Коргоо министрлиги Москванын борборунда болгон кол салууда абадан коргонуу системаларынын учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөнүн жарыялады.

Учкучсуз аппараттын калдыктары имаратка урунуп, зыян келтиргени жарыяланды. Кол салуудан улам аба каттамдары үзгүлтүккө учурады.

Россия учкучсуз аппараттын кол салуусунан Украинанын жооптуу экендигин айтты.

Россия ошондой эле Украина армиясына таандык капитансыз деңиз унаасынын (IDA) Крым жакындарында орус согуштук кемелерине кол салганын жарыялады.

Кол салуунун максатына жетпегендиги, капитансыз деңиз унаасынын ок атуу менен жок кылынганы белгиленди.



Тектеш кабарлар