Кытайда дүйнөлүк робот конференциясы өтүүдө
140тан ашуун фирма катышкан Дүйнөлүк робот конференциясы 22-августка чейин технология жана робот сүйүүчүлөрдү кабыл алат
2026011
Кытайдын борбору Пекинде Бүткүл дүйнөлүк робот конференциясы өтүүдө.
Конференцияда 600гө жакын робот таанытылды. Алардын ичинен көңүлдөрдү бурганы - сүрөтчү робот.
Сүрөтчү робот Сайдакян алгач сүрөткө тартып алат да андан соң портретти беш мүнөттөй тартат.
Конференцияда робот-иттер да өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Кооптуу иштерди аткарган робот иттерди үй жаныбарларынын ордуна колдонууну ойлонгондор да бар.
140тан ашуун фирма катышкан Дүйнөлүк робот конференциясы 22-августка чейин технология жана робот сүйүүчүлөрдү кабыл алат.