Израиль Германияга "Arrow 3" берет

Израилдин Коргоо министрлиги билдирүү жасады.

2026051
Израиль Германияга "Arrow 3" берет

Израилдин «Arrow 3» абадан жана ракетадан коргонуу системасынын Германияга жеткирилишине АКШ тарабынан уруксат берилгени жарыяланды.

Израилдин Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, АКШ өкмөтү Тель-Авивдин Германияга Израилден «Arrow 3» ракеталык коргонуу системасынын сатылышы өтүнүчүн жактырды.

Билдирүүдө Израилдин Коргоо министрлиги, Германиянын Федералдык Коргоо министрлиги жана Израилдин Аэрокосмос өнөр жайынын ортосунда 3,5 миллиард долларлык тарыхый келишимге кол коюла турганы белгиленди.

Министрлик бул Израилдин эң ири коргонуу келишими болорун маалымдады.

Израил менен Германиянын расмий өкүлдөрү 2022-жылдын сентябрында жана 2023-жылдын апрелинде Израил-АКШ биргелешип чыгарган «Arrow 3» системасын сатып алуу үчүн жолугушкан.

Израилдин Коргоо министрлиги, АКШнын ракетадан коргонуу агенттиги жана Израилдин аэрокосмостук өнөр жайы менен биргелешип иштелип чыккан жана баллистикалык ракеталарга бөгөт коюу үчүн долбоорлонгон Arrow 3тин «дүйнөдөгү эң өнүккөн системалардын бири» экенин билдирди.



Тектеш кабарлар