Израиль аскерлери бир палестиналыкты өлтүрдү

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "Женинде баскынчы күчтөрдүн кол салуусунда башынан, көкүрөгүнөн жана курсагынан жараланган 32 жаштагы Мустафа аль-Кестуни каза болду»,- деп айтылды.

2025881
Израиль аскерлери бир палестиналыкты өлтүрдү

Израиль күчтөрү басып алган Батыш Шериадагы Женин шаарына жасаган операциясында бир палестиналыкты өлтүрдү.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "Женинде баскынчы күчтөрдүн кол салуусунда башынан, көкүрөгүнөн жана курсагынан жараланган 32 жаштагы Мустафа аль-Кестуни каза болду»,- деп айтылды.

Билдирүүдө Саламаттыкты сактоо министрлигинде иштеген,  аты аталбаган 34 жаштагы кызматкеринин курсагына жана көкүрөгүнө тийген 2 октон жаракат алганы белгиленген.

Окуяга күбө болгондор Израиль күчтөрүнүн көп сандаган аскердик унаа жана бульдозер менен Женинге чабуул жасаганын белгилешти.

 

Күбөлөрдүн айтымында, ондогон палестиналык каршылык көрсөтүүгө аракет кылып, палестиналык куралдуу топтор менен Израиль аскерлеринин ортосунда кагылышуу чыккан.

Окуяга күбө болгондор Израиль күчтөрүнүн Жениндин борборунда бир наабайкананы жардырганын, 2 палестиналыктын да кармалганын билдиришти.

Израиль армиясынын билдирүүсүндө бир аскердин жараланганы жана ооруканага жеткирилгени билдирилди.

Билдирүүдө 1 палестиналыктын каза болгондугу, 2 палестиналыктын камоого алынганы тастыкталды.

 

 

 



Тектеш кабарлар