Ирландияда банкоматтар ашыкча акча берди

Ирландиядагы бир банк банкоматтарындагы техникалык мүчүлүштүктөн улам суралгандан көп акча бергенден кийин банкоматтарда узун кезектер пайда болду.

2025914
Ирландияда банкоматтар ашыкча акча берди

Ирландиядагы бир банк банкоматтарындагы техникалык мүчүлүштүктөн улам суралгандан көп акча бергенден кийин банкоматтарда узун кезектер пайда болду.

Ирландиянын кээ бир банкоматтары эсебинде акчасы жок кардарларга да акча алууга уруксат берип, ошол эле учурда талап кылынгандан көбүрөөк акча чыгарып берген.

Маалыматтын социалдык тармактарга таралышы менен аталган банкоматтардан акча алгысы келгендер узун кезекке турушту.

40 башка жерде "өзгөчө адам кыймылы  жана ызы  - чуу" билдирүүсүнүн берилиш менен бул жерлерге полиция жиберилди. 

Ирландия Банкы тарабынан жасалган билдирүүдө банкомат жана банктын мобилдик тиркемесинде техникалык мүчүлүштүктүн бар экендиги белгиленип : "Кардарларыбызга акча которуулар, алуу жана төлөм транзакциялары кадимки лимиттен жогору болоорун эскертебиз." деп айтылган.

Банк кийинчерээк техникалык маселенин чечилгендигин, банкоматтар да, мобилдик тиркеме да кадимкидей иштей баштаганын билдирди.

 



Тектеш кабарлар