Франкфурт аэропортун суу каптады

Франкфурттагы суу ташкынында көптөгөн үйлөрдүн жер төлөлөрүн, ошондой эле аэропортту суу каптап, көптөгөн каттамдар токтотулду.

2025886
Франкфурт аэропортун суу каптады

Германиянын кээ бир аймактарында таасирдүү болгон катуу жамгыр жана бороондун кесепетинен Франкфурт аэропортун суу каптады.

Франкфурттагы суу ташкынында көптөгөн үйлөрдүн жер төлөлөрүн, ошондой эле аэропортту суу каптап, көптөгөн каттамдар токтотулду.

Аэропорттун басма сөз катчысынын билдирүүсүндө перрондо суунун топтолушуна байланыштуу көптөгөн каттамдардын токтотулганы, кээ бир каттамдардын кармалып, кээ бир учактардын башка аэропортторго багыт алганы белгиленди.

Аэропортто кечээ кечинде аткарылышы күтүлгөн 70ке жакын каттамдын аткарылбай калганы билдирилди. 

Өлкөнүн Баден-Вюртемберг, Рейнланд-Пфальц жана Тюрингия штаттарында да  катуу бороон жана жамгырдын  күнүмдүк турмушка жашоонун тескери таасир тийгизгендиги маалымдалды.  

Полиция жолдордогу бир нече люктардын капкактарынын алынгандыгын, көптөгөн үйлөрдүн жер төлөлөрүн суу каптаганын билдирди.

Көптөгөн өрт өчүрүүчүлөрдүн үйлөрдү, көчөлөрдү жана жер астындагы өтмөктөрдөгү сууну чыгаруу үчүн таңга чейин иштегендиги маалымдалды.

 

 



Тектеш кабарлар