БУУ Ливан менен Израилдин ортосундагы чыңалуудан кооптонууда

UNIFIL тарабынан жасалган билдирүүгө караганда, UNIFILдин командири генерал Аролдо Лазаро Ливандын түштүгүндөгү ЮНИФИЛдин штаб-квартирасында Израиль жана Ливан армиясынын жетекчилери менен «үчтүк» аскерий жолугушуу өткөрдү.

2025698
БУУ Ливан менен Израилдин ортосундагы чыңалуудан кооптонууда

Бириккен Улуттардын Уюмунун Убактылуу Тынчтыкты сактоочу күчтөрү (UNIFIL) акыркы айларда Ливан менен Израилдин чек арасында орун алган чыңалуу тынчсыздандырат деп билдирди.

UNIFIL тарабынан жасалган билдирүүгө караганда, UNIFILдин командири генерал Аролдо Лазаро Ливандын түштүгүндөгү ЮНИФИЛдин штаб-квартирасында Израиль жана Ливан армиясынын жетекчилери менен «үчтүк» аскерий жолугушуу өткөрдү.

Билдирүүдө Израиль менен Ливандын ортосундагы жана UNIFIL тарабынан көзөмөлдөнгөн «Көк сызык» чек арасындагы аба жана кургактык аркылуу бузуулар талкууланганы белгиленди.

Генерал Лазаро, Израиль менен Ливандын ортосундагы чыңалууну пайда кылган чек арадагы бузуулар үчүн терең тынчсыздануусун билдирген билдирүүдө Лазаронун тараптарды координация механизмине баш ийүүгө жана бир тараптуу аракеттерден баш тартууга чакырганы белгиленди.

Израиль 1982-жылы басып алган Ливандын түштүгүнөн 2000-жылы чыгып кеткенден кийин 120 чакырымдык чек аранын коопсуздугу ЮНИФИЛдин көзөмөлүндө болчу.

«Көк сызык» термини UNIFIL көзөмөлүндөгү чек ара үчүн колдонулат жана UNIFIL коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бүт аймакты күзөтөт.

Израиль акыркы мезгилде чек ара сызыгында траншеялар жана зым тосмолор сыяктуу күчтөндүрүү иштерин күчөттү. Мындан тышкары чек арадагы бир бөлүгү Ливанга тиешелүү болгон Гаджар айылын толугу менен басып алып, аны тегерете зым тосмо менен дубал тургузган.



Тектеш кабарлар