Түштүк Кореядан Япония жана АКШ тууралуу билдирүү

Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл “Түндүк Кореянын коркунучуна” каршы туруу үчүн Япония жана Америка Кошмо Штаттары менен кызматташууну бекемдөөгө чакырды.

2024969
Түштүк Кореядан Япония жана АКШ тууралуу билдирүү

Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл “Түндүк Кореянын коркунучуна” каршы туруу үчүн Япония жана Америка Кошмо Штаттары менен кызматташууну бекемдөөгө чакырды.

Йонхап агенттигинин кабарына караганда, Юн Сеулдагы Эвха университетинде 1945-жылы Түштүк Кореянын япондук оккупациядан бошотулган  «Боштондук күнү» тууралуу сөз сүйлөдү.

Түштүк Корея, Япония жана АКШнын ортосундагы үч тараптуу коопсуздук кызматташтыгын бекемдөөгө чакырган Юн Түндүк Кореянын «агрессиясын» токтотууда коңшу Япониянын маанисине көңүлдөрдү бурду.

АКШ, Япония жана Түштүк Кореянын кызматташтыгынын күн санап өсүп жатканын баса белгилеген Юн, Түштүк Кореянын Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык коркунучтарын алдын алуу үчүн АКШ жана Япониянын Түндүк Кореянын аскердик кыймылдары тууралуу маалыматтарынын бөлүшүлүшүндө кызматташуу түзүүнүн маанилүү экендигин белгиледи.

Юн сөз болуп жаткан үч өлкөнүн ортосунда 18-августта АКШнын Мэриленд штатындагы Кэмп Дэвидде өткөрүлүшү күтүлгөн саммиттин Индо-Тынч океан аймагындагы карым-катнаштардын жакшырышына жана тынчтыкка салым кошуурун белгиледи.

Түндүк Кореяга 2022 -  жылы август айында жасаган,  өзөктүк куралдардан тазалануу тууралуу бекем кадамдарды таштай турган болсо экономикалык жардам сунушунун азыр да күчүндө экендигин айткан Юн Түндүк Кореяны диалог жана кызматташууга чакырды.

Юн : "Түштүк Корея менен Япония универсалдуу баалуулуктарды бөлүшүп,  жалпы кызыкчылыктар үчүн иштеген эки өлкө. Түштүк Корея менен Япония коопсуздук жана экономика жагынан өнөктөш катары, дүйнөдөгү тынчтык жана ийгиликке салым кошуу үчүн кызматташат",- деди.



Тектеш кабарлар