Норвегияда нөшөрлөгөн жамгырдан улам темир жол көпүрөсү урап түштү

Узундугу 172,5 метр болгон көпүрө урап калуу коркунучуна каршы бир жума мурун пайдаланууга жабылган.

2024762
Норвегияда нөшөрлөгөн жамгырдан улам темир жол көпүрөсү урап түштү

Норвегиянын Лааген дарыясынын үстүндөгү темир жол көпүрөсү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам урап түштү.

Норвегияда темир жол инфраструктурасынан жооптуу мекеме BaneNOR тарабынан жарыяланган билдирүүдө, нөшөрлөгөн жамгырдан кийин суу деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу Лааген дарыясынын үстүндөгү темир жол көпүрөсүнүн урап түшкөнү белгиленди.

1957-жылы курулган көпүрөгө келтирилген чыгымдын көлөмү иликтенип жатканда, мекеменин расмий өкүлү Эйвинд Бюрстром эч бир жандыкка зыян келтирилбегенин айтты.

Эскерте кетсек, узундугу 172,5 метр болгон көпүрө урап калуу коркунучуна каршы бир жума мурун пайдаланууга жабылган.



Тектеш кабарлар