Араб жаштары Түркияга ишенет

Бириккен Араб Эмирликтеринин глобалдык байланыш агенттиги Asda'a Bcw араб өлкөлөрүн камтыган сурамжылоо жүргүздү.

2023909
Араб жаштары Түркияга ишенет

Араб жаштарынын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо аймакта Түркияга болгон ишенимди дагы бир жолу көрсөттү.

Бириккен Араб Эмирликтеринин глобалдык байланыш агенттиги Asda'a Bcw араб өлкөлөрүн камтыган сурамжылоо жүргүздү.

Өлкөлөргө болгон мамиле 53 шаарда 3600 жаш менен бетме-бет маектешүү жолу менен даярдалган сурамжылоодо каралды.

Сурамжылоого ылайык, араб жаштарынын 82 пайызы Түркияны «күчтүү өнөктөш» катары көрүшөт.

Сурамжылоодо Түркиядан кийин 80 пайыз менен Кытай турат.

Бул категорияда АКШ, Германия, Франция жана Индиядан артта калып, 72 пайыз менен 7-орунду ээледи.

Сурамжылоого катышкан жаштардын 87си Кошмо Штаттарын «күчтүү душман же кандайдыр бир деңгээлде душман» деп мүнөздөшкөн.

Чечимде кээ бир араб өлкөлөрүнүн Израиль менен нормалдашуу процессинде АКШнын да роль ойногону баса белгиленди.



Тектеш кабарлар