Украина: "37 айыл эвакуацияланат"

Купянск райондук аскер администрациясынын башчысы Андрей Канашевич райондогу айылдарды көчүрүү боюнча токтомго кол койду.

2022978
Украина: "37 айыл эвакуацияланат"

Украинанын Харьков облусундагы Купянск районуна караштуу 37 айылдын аргасыз көчүрүлө турганы айтылды.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Купянск райондук аскер администрациясынын башчысы Андрей Канашевич райондогу айылдарды көчүрүү боюнча токтомго кол койду.

Чечимге ылайык, Купянск шаарынын 37 калктуу конушу эвакуацияланат.

Украинада катуу кагылышуулар жүрүп жаткан Купянск багытында Орусиянын чабуулдары уланууда.

Украинанын Башкы штабы, акыркы 24 саатта Купянск багытында украин аскерлеринин Синькивка жана Иванивке конуштарындагы орусиялык чабуулдардын мизин кайтарганын ырастап, бул багыттагы 10дон ашык калктуу конуштун орус армиясынын артиллериялык жана минометтук кол салууларынан жабыркаганын кабарлады.



Тектеш кабарлар