Эквадордо улуттук аза күтүү жарыяланды

Президент Лассо Вильявисенсионун өлтүрүлүшүнө байланыштуу 3 күндүк улуттук аза күтүү жарыялоону чечти.

2022902
Эквадордо улуттук аза күтүү жарыяланды

Эквадордо 20-августта өткөрүлүшү пландалган президенттик шайлоонун алдында "коррупцияга каршы позициясы" менен таанымал президенттикке талапкер Фернандо Вильявисенсионун кол салууга дуушар болуп каза болушуна байланыштуу улуттук аза күтүү жарыяланды.

Үгүт тобунун жергиликтүү басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, Вильявисенсионун борбор шаар Китодо катышкан иш-чарадан кийин унаасына отуруп жатканда бир кол салуучу тарабынан башына үч жолу ок атылып өлтүрүлгөнү кабарланды.

Эквадордун Башкы прокурору, кол салууну жасаган шектүүнүн коопсуздук күчтөрү менен кагылышта атылганын жана алган жараатынан улам өлгөнүн билдирди.

Ошондой эле кол салууда депутаттыкка талапкер бир киши менен 2 полиция кызматкери да арасында болгон 9 кишинин жаракат алганы маалымдалды.

Президент Гильермо Лассо Вильявисенсионун өлтүрүлгөнүн ырастап, президенттик шайлоого эки жумага жетпеген убакыт калганда жасалган адам өлтүрүүнүн артында "уюшкан кылмыштуу топтордун" турганын баса белгиледи.

Лассо: «Бул кылмыш жазасыз калбайт деп ишендире алам. Уюшкан кылмыштуу топтор чектен чыгып кетишти, бирок алар мыйзамдын толук салмагын сезишет», - деди.

Президент Лассо Вильявисенсионун өлтүрүлүшүнө байланыштуу 3 күндүк улуттук аза күтүү жарыялоону чечти.

Кито полициясы тарабынан жүргүзүлгөн операцияларда окуяга тиешеси бар делген 6 кишинин кармалганы билдирилди.



Тектеш кабарлар