Сауд Арабиянын Тегерандагы элчилиги кайрадан иштей баштады
Сауд Арабия азырынча бул тема боюнча билдирүү жасай элек.
Сауд Арабиянын Тегерандагы элчилигинин 7 жылдан кийин расмий түрдө кайрадан иштей баштаганы билдирилди.
Ирандын расмий кабар агенттиги ИРНАнын маалыматына караганда, Сауд Арабиянын Ирандын борбор шаары Тегерандагы элчилиги 6-августтан тарта расмий түрдө ишин баштады.
Сауд Арабия азырынча бул тема боюнча билдирүү жасай элек.
2016-жылдын 2-январында Сауд Арабияда 47 киши, анын ичинде шиит диниятчысы Нимр ан-Нимр "террорчулук" деген айып менен өлүм жазасына тартылган.
Иранда демонстранттар Сауд Арабиянын Тегерандагы элчилигин жана Мешхеддеги консулдуктун имаратын өрттөшкөн.
Бул кол салуулардан кийин Сауд Арабия өкмөтү 2016-жылдын 3-январында Иран менен дипломатиялык алакаларын үзгөнүн жарыялаган.
Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян менен Сауд Арабиянын кесиптеши Фейсал бин Ферхан 6-апрелде Кытайдын борбору Пекинде жолугуп, эки өлкөнүн элчиликтерин ачуу, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу жана визаларды жеңилдетүү боюнча макулдашкан.
Иран 23-майда тышкы иштер министринин орун басары Али Реза Энейетинин Эр-Рияд элчиси болуп дайындалганын билдирип, 6-июнда Эр-Рияд элчилигин кайрадан ачкан.
Тектеш кабарлар
Орусия Новокалиновону көзөмөлгө алды
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.