Пакистанда Имран Ханга тыюу салынды
Пакистан полициясы Ханды соттун чечими менен 5-августта Лахордогу үйүндө камакка алган.
Пакистандын шайлоо комиссиясы, коррупциялык доодо күнөөлүү деп табылып камакка алынган мурдагы премьер-министр Имран Хандын 5 жылга саясаттан четтетилишине чечим чыгарды.
Шайлоо комиссиясынын билдирүүсүндө, Хандын сот тарабынан коррупция боюнча күнөөлүү деп табылганына көңүл бурулуп, тиешелүү мыйзамдарга ылайык Хандын 5 жылга саясаттан четтетилишине чечим чыгарылганы белгиленди.
Исламабаддын Жогорку соту Ханды премьер-министр болуп турганда алган 490 миң долларлык белектерди саткан жана кызматын кыянаттык менен пайдаланган деп өкүм чыгарып 3 жылга эркинен ажыраткан.
Пакистан полициясы Ханды соттун чечими менен 5-августта Лахордогу үйүндө камакка алган.
Пакистан парламентинде 2022-жылдын 10-апрелинде өткөрүлгөн ишеним көрсөтпөө добушунда 174 "каршы" добушун алган Имран Хандын өкмөтү кулаган.
Өлкөдө үч мөөнөт премьер-министрлик кызматты аркалаган Наваз Шарифтин бир тууганы Шахбаз Шариф, парламентте 2022-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн добуш берүүдө 174 добуш менен абсолюттук көпчүлүктүн колдоосун алып премьер-министр болуп шайланган.