Макронго Брикс тоскоолу

Түштүк Африканын тышкы иштер министри Наледи Пандор, БРИКС саммитине Африка жана Түштүк өлкөлөрдөн 67 лидердин чакырылганын билдирди.

2022333
Макронго Брикс тоскоолу

Франциянын президенти Эммануэль Макрон 22-24-августта Түштүк Африкада өтө турган БРИКСтин лидерлеринин саммитине чакырылган жок.

Түштүк Африканын тышкы иштер министри Наледи Пандор, БРИКС саммитине Африка жана Түштүк өлкөлөрдөн 67 лидердин чакырылганын билдирди.

Пандор Макрондун болсо саммитке чакырылбаганын кабарлады.

Саммитке Орусиянын президенти Владимир Путин да видеоконференция аркылуу катышат. Франциянын тышкы иштер министри Кэтрин Колонна июль айынын аягында Түштүк Африкага жасаган сапары учурунда Макрондун БРИКСтин лидерлеринин саммитине катышууну каалаганын баса белгилеп: "Биз бири-бирибизди түшүнүп, чечүү жолдорун табышыбыз керек",-деген.

Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка мүчө болгон БРИКС саммитинде өлкөлөр ортосундагы соода, саясий жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү максат кылынууда.



Тектеш кабарлар