Сауд Арабияда Орусия-Украина кризиси боюнча жыйын өткөрүлдү

Сауд Арабиянын расмий агенттиги SPA, ишемби күнү башталган жана Жиддада 2 күнгө созулган жыйындын жыйынтыктоочу билдирүүсүн жарыялады.

2021026
Сауд Арабияда Орусия-Украина кризиси боюнча жыйын өткөрүлдү

Сауд Арабиянын Жидда шаарында Орусия-Украина кризисин чечүүнүн жолдорун талкуулоо үчүн өткөрүлгөн жыйында «кеңешмелердин улануусу» боюнча макулдашылды.

Сауд Арабиянын расмий агенттиги SPA, ишемби күнү башталган жана Жиддада 2 күнгө созулган жыйындын жыйынтыктоочу билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүдө Жидда шаарында Сауд Арабиянын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Мусаид бин Мухаммед аль-Айбандын төрагалыгы алдында 40тан ашуун өлкөнүн, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) баш болгон эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөнү белгиленди.

Орусия-Украина кризисин чечүүнүн жолдорун талкуулоо үчүн өткөрүлгөн жыйында тараптардын «тынчтыктын жолун даярдаган орток негизде жолугушуу үчүн эл аралык консультацияларды улантуу зарылчылыгы» тууралуу макулдашкандары айтылды.

Жыйынга үй ээси Сауд Арабия, ошондой эле Орусия жана Украинадан тышкары, Түркиядан да өкүлдөрдүн катышканы билдирилген кабарда берки өлкөлөр мындайча тизмектелди: «АКШ, Германия, Аргентина, Австралия, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Бразилия, Болгария, Кытай, Чехия, Дания, Индонезия, Эстония, Финляндия, Франция, Түштүк Африка, Индия, Нидерланды, Англия, Испания, Швеция, Италия, Япония , Канада, Катар, Корея, Кувейт, Комор, Латвия, Литва, Египет, Норвегия, Польша, Румыния, Словакия, Иордания жана Чили».



Тектеш кабарлар