Индияда жер көчкү жүрдү
Издөө-куткаруу иштери уланууда.
2020557
Индиянын Уттаракханд штатындагы Кедарнатх Ятра жолунда жүргөн жер көчкүдөн 3 адам каза болуп, 17 киши дайынсыз жоголду.
Hindustan Times гезитинин кабарына караганда Гималай тоосунун этегиндеги Кедарнатх Ятра жолунда катуу жааган жамгырдын натыйжасында жер көчкү жүрдү.
Мамлекеттик кызматкерлер издөө-куткаруу иштери учурунда жер көчкү астында калган 20 адамдын ичинен 3 адамдын сөөгүнүн табылганын билдиришти. Дайынсыз жоголгон 17 адамдан болсо кабар жок экенин маалымдашты.
Жетекчилер, индус зыярат жолунда Кедарнат храмы менен атактуу болгон аймакта дайынсыздардын арасында аймакта жашаган эки непалдык үй-бүлөнүн да бар экенин билдиришти.
Издөө-куткаруу иштери уланууда.