Франциянын түштүгүндө эскертүү берилди
Буш-дю-Рон, Сад-Эст, Вар жана Воклюз шаарларында ысык аптап күтүлүүдө.
2019743
Франциянын түштүгүндөгү көптөгөн аймактарда "өрт коркунучу жогору" болгондуктан эскертүү берилди.
Метеорология башкармалыгынын маалыматына караганда, Буш-дю-Рон, Сад-Эст, Вар жана Воклюз шаарларында ысык аптап күтүлүүдө.
Буш-дю-Рондо "өтө жогорку өрт коркунучу" себебинен кызыл эскертүү берилсе, Суд-Эст аймагынын 3 бөлүгүндө "токой өрт коркунучунан" улам андан кийинки деңгээл болгон кызгылт сары түстөгү эскертүү жарыяланды.
Тегерегиндеги Вар жана Воклюзада да өрткө каршы «этият болуу» чакырыгы салынды.
Буш-дю-Ронада июнь айынан бери экинчи жолу кызыл эскертүү берилсе, Вар жана Воклюзадагы 5 токойлуу аянт туристтер үчүн жабылды.
Француз жетекчилери өлкөдө ар бир 10 өрттүн 9у адам себептүү экенин билдиришти.