Пакистанда Корвет кемеси ишке киргизилди

Аземге вице-президент Жевдет Йылмаз менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф да катышты.

2019313
Пакистанда Корвет кемеси ишке киргизилди

Анкара менен Исламабаддын ортосундагы коргонуу тармагындагы кызматташтык келишиминин алкагында Пакистандын 4-Корвет кемеси Карачиде азем менен ишке киргизилди.

Аземге вице-президент Жевдет Йылмаз менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф да катышты.

Йылмаз 2018-жылдан бери Түркия-Пакистан кызматташтыгы менен ишке ашырылып жаткан бул маанилүү долбоорго салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.

Жевдет Йылмаз эки өлкөнүн стратегиялык тилектештигин күндөн-күнгө өнүктүрүп, тереңдеткенин айтты.

Вице-президент белгилегендей, коргонуу өнөр жайы бул көз караштын эң маанилүү түркүктөрүнүн бири.

MİLGEM (Улуттук кеме) алкагында курулган кемелер бир ай бою алыскы операцияларды жасай ала тургандай иштелип чыккан.

142 кызматкер сыйымдуулугу бар кемелер саатына болжол менен 48 километр ылдамдыкка жете алат.



Тектеш кабарлар