Орусия Гутерриштин сөздөрүнө каршы жооп айтты

Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, борбор шаар Москвада жумалык маалымат жыйынында айтты.

2019442
Орусия Гутерриштин сөздөрүнө каршы жооп айтты

Орусия Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриштин Орусиянын Африкага жардам берүү чечимине карата айтылган сындарына реакция жасады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, борбор шаар Москвада жумалык маалымат жыйынында, Анадолу агенттигинин (AA) Гутерриштин Кара деңиз дан коридору келишиминен чыккан Орусиянын Африканын 6 өлкөсүнө бекер дан жардам берем деген билдирүүсүнө токтолуп, «бир ууч кайрымдуулук драмалык таасирди өзгөртпөйт» деген сөзүн кандай баалады деген суроого жооп берди.

Захарова эң оболу бул «бир ууч кайрымдуулукту» кандай баалап жатканын жана гуманитардык жардамдын бутасы болгон алуучу өлкөлөрдөн суроо керек экенин белгилеп, Гутерришке мындай түрдөгү билдирүүнү жасоодон мурда бул өлкөлөрдөн бул маселе боюнча кандай ойдо экенин сурашын сунуштады.

Африка делегациясынын Орусиянын президенти Владимир Путиндин Орусия-Африка саммитинде бул өлкөлөргө жардам билдирүүсүн жылуу кабыл алганын эске салган Захарова: «Ошондуктан, бир өлкө башка өлкөгө же башка өлкөлөргө эч кандай чыгымсыз ачык жана ак ниеттүүлүк менен жасалган гуманитардык иш-аракеттерге келгенде этият болушу керек»,-деп айтты.

Гутеррештин бул ойду түз жана кыйыр кесепеттерге алып келерин ойлобостон ай сайын жаңы мыйзамсыз санкция пакеттерин иштеп жаткан өлкөлөргө жеткирүүсү керектигин баса белгилеген Захарова: «Гутерриш Батыш өлкөлөрүнө карата «бир ууч» деген сөздү колдонушу керек болчу. Мисалы, «бир ууч батыш өлкөлөрү дан келишимин токтотуунун кескин кесепеттерине негиз түздү» жана ага чейин «бир ууч батыш өлкөлөрү дүйнөлүк коопсуздукка таасир этүүчү драмалык кесепеттерге шарт түзүшкөн». Бул учурда «бир ууч» деген сөз айкашы аларга толук туура келет»,-деп айтты.

Орусиянын басма сөз катчысы БУУнун катчылыгы «эл аралык экономикалык системага доо кетирген» мыйзамсыз санкцияларды киргизген мамлекеттерге каршы иштеши керектигин баса белгиледи.

Орусиянын аракеттери менен азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч туудурбаганын жүйө келтирген Захарова: «Учурда дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч туудурган нерселердин баары батыш өлкөлөрүнүн жамааттык аракеттери менен байланышкан»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар