Захарова: « Зеленский жарандык инфраструктураларга чабуулдарды жасап, АКШны коркунучка салды»

Захарова жазуу түрүндөгү жарыясында Украинанын Орусиянын борбор шаары Москвага учкучсуз учуучу аппараттар (УУА) менен жасаган кол салууларына баа берди.

2018864
Захарова: « Зеленский жарандык инфраструктураларга  чабуулдарды жасап, АКШны коркунучка салды»

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Украинанын президенти Владимир Зеленский жарандык инфраструктураларга террордук чабуулдарды жасап, Америка Кошмо Штаттарын (АКШ) коркунучка салганын айтты.

Захарова жазуу түрүндөгү жарыясында Украинанын Орусиянын борбор шаары Москвага учкучсуз учуучу аппараттар (УУА) менен жасаган кол салууларына баа берди.

Зеленский бул кол салуулары менен АКШ үчүн коркунуч жаратканын белгилеген Захарова: «Зеленский жарандык инфраструктурага террордук чабуулдарды уюштуруу менен Вашингтонду коркунучка салууда. (АКШ президенти Джо) Байден «террордун мамлекеттик демөөрчүсү» деген түшүнүк менен өзүнүн тузагына түшүп калды»,-деп өз баасын берди.

Украинанын бул кол салуулар менен дагы көбүрөөк колдоо алууга аракет кылганын баса белгилеген Захарова: «(Зеленский) Украинага көбүрөөк жардам берүү үчүн Ак үйдү шантаж кылып жатат»,-деп айткан.

Захарова терроризм маселеси эми америкалык либерализм менен көбүрөөк байланыша турганын белгиледи.

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин кол салууларга байланыштуу суроолоруна жооп берип жатып, керектүү чаралар көрүлгөнүн айтып: «Коркунуч бар, бул көрүнүп турат. Тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Бул маселе боюнча эксперттик көз караштан аскер кызматкерлери гана комментарий бере алат жана айтышы керек»,-деди.

Орусиянын Коргоо министрлиги 30-июлда Украина Москвага жана Москва облусуна учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен кол салууга аракет кылганын жарыялады. Бөгөттөлгөн дрондордун бири Москва-Сити бизнес борборундагы асман тиреген имаратка урунуп, имаратка зыян келтирген.

Украинанын 24 жана 28-июлда Москвага учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен чабуул жасаганы, каза болгондор жана жабыркагандар болбогону белгиленди.



Тектеш кабарлар