ДССУ климаттын өзгөрүшүнө каршы «шашылыш биргелешкен аракеттерге» чакырат

Гебреисус өзүнүн Твиттердеги билдирүүсүндө «эң ысык» июль айы өткөнүн жана бул айда аптаптуу ысыкка, экстремалдык жаратылыш окуяларына, токой өртүнө жана алардан келип чыккан олуттуу ден-соолук көйгөйлөрүнө күбө болгонун белгиледи.

2018924
ДССУ климаттын өзгөрүшүнө каршы «шашылыш биргелешкен аракеттерге» чакырат

 

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус, «эң ысык» июлдан кийинки климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн биргелешкен аракеттердин тез арада зарылдыгын билдирди.

Гебреисус өзүнүн Твиттердеги билдирүүсүндө «эң ысык» июль айы өткөнүн жана бул айда аптаптуу ысыкка, экстремалдык жаратылыш окуяларына, токой өртүнө жана алардан келип чыккан олуттуу ден-соолук көйгөйлөрүнө күбө болгонун белгиледи.

«Булар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн биргелешкен аракеттердин тез арада зарылдыгын ачык эскертет»,-деп айткан Гебреисус өзүнүн билдирүүлөрүн колдонуп, климатка каршы чечкиндүү кадамдар жасалышы керектигин баса белгиледи.

Гебреисус:«Биргелешип, биз туруктуу чечимдерге болгон кызыгууну арттырып, келечек муундар үчүн салкыныраак, туруктуураак дүйнөнү түзө алабыз»,-деди.

Европа Биримдигинин Коперник Климат Өзгөрүү кызматы менен Дүйнөлүк Метеорология Уюмунун (DMУ) 27-июлдагы биргелешкен билдирүүсүндө, июль айынын алгачкы үч жумасынын бүгүнкү күнгө чейин «эң ысык 3 жумалык мезгил» болгону белгиленди.

Белгиленгендей, Коперниктин маалыматтары 2023-жылдын июль айынын «эң ысык июль» жана «эң ысык ай» болушу ыктымалдыгын көрсөткөн.



Тектеш кабарлар