Путиндин билдирүүлөрү

Владимир Путин Санкт-Петербургдагы Орусия Африка саммитинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2017721
Путиндин билдирүүлөрү

Орусиянын президенти Владимир Путин Түркияда жаратылыш газ борборунун курулушунун күн тартибинде экенин жарыялады.

Владимир Путин Санкт-Петербургдагы Орусия Африка саммитинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Түркияда жаратылыш газ борборунун курулушунун күн тартибинде экенин белгилеген Путин, Түркияда жаратылыш газын сатуу үчүн электрондук соода аянтчасын курууну каалагандарын билдирди.

Түркиянын мындай электрондук соода платформасын уюштурууга ылайыктуу жер экенин баса белгилеген орус лидер: «Анткени Түркия Европа үчүн транзиттик өлкөгө айланды»,- деди.

Путин президент Режеп Таййип Эрдоган менен шаршемби күнү телефон аркылуу сүйлөшүүнү макулдашканын да белгиледи.

2022-жылдын 24-февралынан бери уланып жаткан Украина согушуна байланыштуу Путин украин тарап менен жолугушуудан баш тартпагандарын, бирок украин армиясы чабуулдарын улантып жатканда ок атышпоо кыйын болгонун айтты.

Африка өлкөлөрүнүн Украинадагы кагылышууларды токтотуу жолдорун издеп жатканын баса белгилеген Путин, Африканын демилгеси менен Кытайдын планы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн негизин түзө ала турганына көңүл бурду.

Путин Орусиянын Кара деңиз дан келишиминен чыгуу чечими логистика, орус кемелеринин портторго кирүү мүмкүн эместиги, акча которуу, камсыздандыруу жана башка көйгөйлөргө байланыштуу экенин кошумчалады.



Тектеш кабарлар