Мексикадагы аптаптуу ысык

Мексиканын Саламаттыкты сактоо министрлиги климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөдө өтө ысык аба ырайынан улам каза болгондор тууралуу маалымат жарыялады.

2017375
Мексикадагы аптаптуу ысык

Мексикада акыркы айларда күчөгөн ысык аптаптан улам 249 адам каза болду.

CNN телеканалынын кабарына караганда Мексиканын Саламаттыкты сактоо министрлиги климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөдө өтө ысык аба ырайынан улам каза болгондор тууралуу маалымат жарыялады.

Маалыматка ылайык, июнь айынын аягында Мексикада термометрлер 45 градус Цельсийдин тегерегин көрсөтсө, 19-марттан 22-июлга чейин нормадан жогору болгон температурадан улам 249 киши каза тапты.

Эң көп өлүм 100 адам менен Нуэво-Леон аймагында катталып, өлүмдөрдүн 92,4%ы күндөн, калганы болсо суусоодон келип чыкты.

Ысыктан сактануу үчүн өкмөт күндүзү эки литрден кем эмес сууну бат-баттан ичип, айрыкча саат 11:00дөн 15:00гө чейин көчөгө чыкпоону сунуштоодо.



Тектеш кабарлар