Ванг: "Түркиянын аймактык жана эл аралык ролун колдойбуз"

Кечээ Түркияга болгон сапарында тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолуккан Ванг, Кытайдын түрк өкмөтү менен өз ара стратегиялык ишенимди жана координацияны күчтөндүрүү үчүн кызматташууга даяр экенин айтты.

2016723
Ванг: "Түркиянын аймактык жана эл аралык ролун колдойбуз"

Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, тышкы иштер боюнча борбордук комиссиянын директору жана тышкы иштер министри Ванг Йи өлкөсүнүн Түркиянын аймакта жана эл аралык аренада маанилүү роль ойношун колдогонун билдирди.

Global Times гезитинин кабарына караганда, кечээ Түркияга болгон сапарында тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолуккан Ванг, Кытайдын түрк өкмөтү менен өз ара стратегиялык ишенимди жана координацияны күчтөндүрүү үчүн кызматташууга даяр экенин айтты.

Ванг Фидан менен жолугушуусунда: «Кытай Түркиянын аймактык жана эл аралык аренадагы маанилүү ролун колдойт жана тышкы күчтөрдүн Түркиянын ички иштерине кийлигишүүсүнө каршы»,- деди.

Түрк өкмөтүнүн чакыруусу менен Түркияга келген Ванг, жогорулаган рынок экономикаларынын жана негизги өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин өкүлдөрү катары эки өлкөнүн жалпы кызыкчылыктары жана кызматташуу үчүн чоң потенциалы бар экенин белгиледи.

Кытай менен Түркиянын энергетика, билим берүү жана маданият тармактарында кызматташууну улантуусу керектигине басым жасаган Ванг: «Кытай Түркиядан көбүрөөк сапаттуу продукция алып келүүгө, эки өлкөнүн ортосундагы соодада жергиликтүү валюталардын колдонулушун колдоого, ошондой эле Түркияда иш алып баруу жана инвестиция салуу үчүн кытайлык компанияларды шыктандырууга даяр»,- деди.



Тектеш кабарлар