Грециядагы токой өрттөрү...

Грек басма сөзүндө орун алган кабарга караганда аралдын Малонас, Ватио жана Генадио аймактарында жалын кайра көтөрүлүп, жаңы эвакуациялар жүргүзүлдү.

2016393
Грециядагы токой өрттөрү...

Греция өзгөчө Родос аралында бир нече күндөн бери көзөмөлдөй албаган токой өрттөрү менен күрөшүп жатат.

Грек басма сөзүндө орун алган кабарга караганда аралдын Малонас, Ватио жана Генадио аймактарында жалын кайра көтөрүлүп, жаңы эвакуациялар жүргүзүлдү.

Корфу аралында башталган өрттүн жайылуусу уланып жатканда, чара көрүү максатында кечээ кечинде аймактагы кээ бир отурукташуу жерлери эвакуацияланды.

Өрттөн Апраос жана Каламаки аймактарындагы кээ бир үйлөр жана ишканалар зыянга учурады.

Ошол эле учурда Түндүк Корфунун вице-мэринин орун басары Никос Музакитис Грециянын радио жана телекөрсөтүү корпорациясы ERTге «бир убакта күтүлбөгөн жерден жалын чыга баштаганын жана бир унаа дароо окуя болгон жерден чыгып кеткенин» айтты. Акыркы учурда мындай окуяларды байкоо үчүн « даяр тургандарын» айткан Музакитис «Өрттөө болушу мүмкүн»,-деди.

Грециянын климат кризиси жана жарандык коргоо министри Василис Кикиляс өлкө боюнча акыркы 13 күндө 600дөн ашуун өрт чыкканын айтты.

Грецияда уланып жаткан токой өртүн өчүрүүгө жардам берүү үчүн Түркия, Израиль, Египет, Болгария, Италия, Мальта, Франция, Иордания, Польша, Румыния жана Словакия жардам жөнөттү.

Түркиядан жөнөтүлгөн учактар ​​Родос аралындагы өрттү өчүрүү үчүн колдонулуп жатат.



Тектеш кабарлар