Түндүк Кореядан баллистикалык ракета сыноосу...

Түштүк Корея менен Япониянын Башкы штаб төрагалыктары Түндүк Кореянын баллистикалык ракета учурганын кечке жуук жарыялашты.

2015718
Түндүк Кореядан баллистикалык ракета сыноосу...

Түштүк Корея Түндүк Корея Жапон деңизи (Чыгыш деңизи) багытында кыска аралыкка учуучу 2 баллистикалык ракета учурганын жарыялады.

Йонхап агенттигинин кабарына караганда, Түштүк Кореянын Башкы штабынын билдирүүсүндө, Түндүк Кореянын Жапон деңизи багытында кыска аралыкка учуучу 2 баллистикалык ракета учурганы маалымдалды.

Билдирүүдө учуруулардын жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.55 менен 24.00түн ортосунда аткарылганы, эки ракетанын тең деңизге түшпөстөн болжол менен 400 километр учкандыгы билдирилди.

Билдирүүдө, атылган ракеталардын так түрүн аныктоо үчүн иликтөө иштери уланып жатканы белгиленди.

Жапониянын Коргоо министрлиги да Түндүк Кореянын баллистикалык ракета учурганын ырастап, ракеталар 25-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:11ге чейин түшкөнүн жарыялады.

Түндүк Корея бул кадамды Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) USS Annapolis атомдук суу астындагы кемесин Түштүк Кореяга жөнөтүшүнө жооп катары жасаганы жазылган.

42 жылдан кийин АКШ Огайо классындагы өзөктүк суу астында жүрүүчү USS Kentucky кемесин Түштүк Кореянын сууларына жөнөтүп, аймактагы чыңалууну күчөттү.

USS Kentucky кемеси 18-июлда Пусан Портуна барып, 3 күндүк сапарынан кийин 21-июлда Түштүк Кореянын сууларынан чыгып кеткен.

Түндүк Корея 18-июлда Жапон деңизи (Чыгыш деңизи) багытында кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракетасын сынады.

Түштүк Кореянын Башкы штабынын төрагалыгы 22-июлда Түндүк Корея Сары деңизге бир нече канаттуу ракета учурганын кабарлаган.



Тектеш кабарлар