НАТО-Украина Кеңеши дан келишими боюнча чогулат

Литванын борбор шаары Вильнюста НАТОнун саммитинде түзүлгөн жана саммиттин жүрүшүндө биринчи жыйынын өткөргөн Кеңеш экинчи жолу чогулат.

2014919
НАТО-Украина Кеңеши дан келишими боюнча чогулат

НАТО-Украина Кеңеши Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин чакыруусу менен Кара деңизден украин  данын ташуу маселесин талкуулоо үчүн шаршемби күнү чогулат.

Литванын борбор шаары Вильнюста НАТОнун саммитинде түзүлгөн жана саммиттин жүрүшүндө биринчи жыйынын өткөргөн Кеңеш экинчи жолу чогулат.

НАТОнун басма сөз катчысы Оана Лунгеску НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен Украинанын президенти Зеленский кечээ сүйлөшкөнүн жана Орусиянын Кара деңиздеги дан келишиминен бир тараптуу чыгуусун талкуулаганын билдирди.

Лунгеску Зеленскийдин өтүнүчү боюнча Столтенберг НАТО-Украина Кеңешин шаршемби күнү (26-июлда) элчилер деңгээлинде чакыра турганын билдирди.

Кеңеш Украина өндүргөн эгинди Кара деңизден дүйнөлүк рынокко ташуу маселесин карай турганы маалым болду.

Орусиянын Украинага кол салышынын дүйнөлүк азык-түлүк бааларына тийгизген таасирин азайтуу максатында БУУ, Орусия, Түркия жана Украина 2022-жылы 22-июлда Стамбулда өткөрүлгөн азем менен Кара деңиз дан коридору келишимине кол коюшту.

Кремль өткөн аптада мөөнөтү бүткөн Кара деңиз дан коридору келишиминин чындыгында соңуна чыкканын, келишимдин Орусияга байланыштуу бөлүгүнүн аткарылбаганын жана тийиштүү шарттар колдонулганда Орусиянын дан келишимине кайтып келерин жарыялаган.



Тектеш кабарлар